Ребрендинг

"Инэксимбанктан" "БТА Банкка" өтүү: Өсүү

«Инэксимбанк» үчүн жаңы убакыт келди. Анын кардарлары үчүн жаңы келечектер жана мүмкүнчүлүктөр ачылууда.

Баарынан мурда, ребрендингдин башталышы, «Инэксимбанктын» өзү, анын эң көп акциялардын ээси, «ТуранАлем» банкы менен байланыштуу, бул авторитеттүү жана таасирдүү кредиттик-финансылык мекеменин жаңы аталышына көнүү керек. Бул Казакстандын эң алдыңкы банктарынын бири жана 2008-жылдан карай КМШ-дагы эң күчтүү финансылык институтунун бири болуп, «БТА Банк» деп кыска жана так аталып келген. Ал эми Инэксимбанктын жакын арада өткөрүлгөн акционерлеринин, чогулушунда анын жаңы ээлери «Инэксимбанк» ЖАК-ты «БТА Банк» ЖАК деп аталышын өзгөртүүнү чечишти. Бул БТА-нын бардык структураларынын ребрендингинин жана ренеймингинин жалпы концепциясын ишке ашыруу багытында жүргүзүлүп жатат.

Ребрендинг - бизнес дүйнөсүндө тез-тез кезигүүчү көрүнүш. Бул процесс ар бир компаниянын өсүү-өнүгүү мезгилинде талап кылынат. Адам дагы жашоосунда «ребрендит-этет», жашы улгайган сайын кийимин, адатын, айлана-чөйрөсүн өзгөртөт десек болот. Ишканалар менен да жыл өткөн сайын ошол эле нерсе болот, тажрыйба алуу менен күчүнө кирип, мыкты боло баштайт.

«Инэксимбанк» үчүн ребрендинг - бир гана атынын жана фирмалык стилинин өзгөрүүсү эмес, бул деген жаңы стратегиянын кабыл алынышы, анан ядросу болуп лидерлик, эксперттүүлүк жана инновациялуулук коюлат.

Ошентип, БТА группасына кирген банктар жана компаниялар бириккен БТА бренди менен бирге аталып калат. «Инэксимбанк», дагы бир тактай кетсек, орус тилинде Закрытое Акционерное Общество «БТА Банк» Жабык Акционердик Коому, кыргыз тилинде - «БТА Банкы» Жабык Акционердик Коому, англис тилинде - «ВТА Bank» Closed Stock Company деп аталып калат.

Бул кадамды эски Инэксимбанк брендин жоюу деп эсептесек болбойт - дейт Банк жетекчилигинин төрагасынын биринчи орун басары Руслан Боронбаев. - Ребрендинг эски бренддин жаңы брендге эволюциялоо процессин көрсөтөт. Биз эски брендге дайым ыраазычылыгыбызды билидребиз, ошол бренд аркылуу биздин банк калктын кеңири катмарларынын жана партнёрлорубуздун сүйүүсүнө ээ болгонбуз. Бирок биздин ишеничибиз бул, БТА финансалык топтун катарында, жаңы бренд менен андан да чоң ийгиликтерге дүйнөлүк рынок деңгеелине чыгуу менен жетишеерлигибиз, Кыргызстандыктарга дүйнөлүк деңгеелдеги стандарттарда кызмат кылуу.

Атынан сырткары, банк фирмалык логотибин да өзгөрттү. Жаңы логотип ак фондун бетинде, бири бирине коюлган эки, бириси ачык кызыл, экинчиси мисте өндүү, квадраттардан турат. Бул өңдөр банктын эң негизги сапаттары жана кардарлар менен партнёрлорго болгон мамилесин мүнөздөйт.

- Мисте өңү ак ниеттүүлүк, эсенчилик, оптимизмди көрсөтөт. - деп аныктайт Бооронбаев-мырза - Кызыл болсо күч жана энергияны белгилейт. Логотиптин формасы да маанилүү: ырааттуу түрдө коюлган квадраттар ишенимдүүлүк менен туруктуулукту, ал эми эки квадраттын айкалыштары - кызматташуу жана мамилешүүнү көрсөтөт.

Ошентип, «Инэксимбанк» үчүн жаңы мезгил келип жетти. Бул мезгилде банктын максаты болуп, банктын мүмкүнчүлүктөрү кардарлардын каалоолорун алдында болуп, рыноктун керектөөлөрүнүн алдында, партнерлордун күтүүлөрүнөн алдылап турса. Бул мезгил бактын алдында мындан да жакшы, түшүнүктүү жана жакын болуу деген жаңы маселелерди коёт. Бул үчүн жагымдуу келечектер ачылууда.

Өзүңүздөр баа бериңиздер. «БТА Банк» АК, бир гана КМШ-да эң чоң банктардын бири болбостон, Шериктештик алкагындагы банктык желесин түзүүдө лидер болуп эсептелет. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча анын консолидирленген активдери 2007-жылы 56%-ке өстү. 2008-жылдын 1-январына 25,5 миллиард, ал эми капиталы - 3,8 миллиард долларга жетти. БТА нын консолидирленген таза кирешеси 580 миллион долларды түздү, мындай көрүнүш 2006-жылы алынган кирешени 2 эсеге көбөйгөнүн билдирет.

«Итоги» аттуу авторитеттүү финансылык журналынын ою боюнча, БТА Банкы 2007-жылы «КМШ-нын Жылдын Банкы» деген наамга ээ болгон. Ал эми Euromoney деген эл аралык журналдын ою боюнча, «Орто Азияда эң мыкты банк» деге наамды алган. Таарсирдүү ишкер журнал болуп саналган The Banker журналы БТА-ны ушул жылда дүйнөнүн эң мыкты 300 банктарынын рейтингине кошуп, «Бул жылдын алдыга умтулуп чыгышы» аттуу номинация менен 3-орунду буюрган. Европалык Бизнес Ассамблеясы (ЕБА, Оксфорд, Улуу Британия) БТА-га Евразия регионундагы банкт секторундагы «Европадагы эң мыкты компания» («Best Enterprise of Europe») деген наам берген.

Мурунку «Инэксимбанк» ЖАК-тын азыркы «БТА Банк» ЖАК деп аталганга чейинки мезгилдеги ийгиликтери да суктандырат. Өткөнкү жылы банктын активдери 154% өсүп, 2008-жылдын 1-январында 5,5 миллиард сомдон ашык суммасын түздү (156.2 миллион доллар). Ошол эле 2001-жылы кардарлардын насыялык портфели эки эсе, 195%-га өсүп, быйылкы январь айынын башына 3 миллиард 368 миллион 455 миң сомун түздү (94 миллион 889 миллион доллар). Бул көрсөткүчтөр боюнча Инексимбанк үчүнчү жыл бою Кыргыз Республикасынын банк системасы лидерлик орунун ээлеп келе жатууда.

Мындан сырткары, 2008-жылдын 1 январына депозиттердин көлөмү 3,4 миллиард сомун түздү (95,9 миллион доллар), бул көрсөткүч былтыркы жылдын ошол эле көрсөткүчтөрүнөн 2,2 эсе өстү. «Инэксимбанктын» уставдык капиталы 320 миллион сомго (9,1 миллион долларга) көтөрүлүп, 2008-жылдын башына 800 миллион сомго (22,5 миллион долларга) жетти. Бул Кыргыз Республикасынын системасында - Эң жогорку көрсөткүч! Ошол эле кезде, банктын суммардык капиталы 1 миллиард сом, жана таза кирешеси - 116,2 миллион сомун (3,3 миллион доллар) түздү. Бул көрсөткүчтүн өсүшү - 113%.

Айта кетүүчү нерсе, 2007-жылдын ичинде «Инэксимбанк» 7 жергиликтуу болуму жана 27 эсептөөчү касса ачып, алардын жалпы сандарын 14 жергиликтуу болуму жана 54 эсептөөчү кассаларын түздү.

«Инэксимбанктын» ребрендинги бир нече этаптардан өтөт. Биринчи, өтмөк этабында. Жалпы калк жана партнёрлор бренддин жаңыга өзгөртүлгөндүгү тууралуу маалымдалышат. Ал эми 2008-жылдын мартынан баштап банктын дагы, жергиликтуу болумдорунундарынын дагы ренеймингтери жана ревизуализациялары башталат. Жана жаңы сапатында дагы Банк бардык ага ишенип келгендер үчүн эски, иешничтүү партнёр болуп калуу менен бирге, өзүнүн юридикалык жана жекече тараптардан турган айланасын кеңейтет, анткени алардын сыйы жана ишеничи банк үчүн, өзүнүн репутациясындай эле - эң биринчи орунда туруучу нерсе!