Пресс-центр

БТА Банк 2009-жылдын 12-августунан тартып депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу.

13.08.2009

“БТА Банк” ЖАКсы акча каражаттардын толук сакталышына кепилдик берген депозиттерди коргоо тутумуна кирди.

2009-жылдын 12-августунан тартып Кыргыз Республикасынын “Банк аманаттарын (депозиттерин) коргоо жөнүндө” мыйзамынын күчүнө киргендигине байланыштуу мүмкүн болду.

Жаңы мыйзам актысы “БТА Банк” ЖАКсынын салымчыларына салынган каражаттардын кайтарылуусуна кепилдик берет. Эрксиз жоюу же банкрот учурунда БТА Банктын ар бир салымчысына депозиттер боюнча пайызды кокондо 100 миң сомго чейинки өлчөмдө компенсация төлөнүп берилет. Биздин банкта жеке жактар тарабынан чет өлкөлүк валютада (АКШ доллары жана евро) берилген салымдар (депозиттер) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кайтарылып берилет.

“БТА Банк” ЖАКсы 2009-жылдын 12–августундагы депозиттерди коргоо тутумунун банк-катышуучуларынын бул реестрине киргизилген.

«БТА Банк» ЖАК депозиттеринин артыкчылыктары:

  • Акы төлөмдөрүн капиталдаштыруу
  • Депозит эсебинен акчаны бөлүктөп алуу мүмкүнчүлүгү
  • Депозит эсебине кошумча акча салуу мүмкүнчүлүгү
  • Кардар ыктыярдуу келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуудагы жеңилдик шарттары.
«БТА Банк» ЖАКсы бүгүн (2009- жылдын 12 – августуна карата ишинин финансылык көрсөткүчү):
Активдер: 3-орун,
Кредиттер: 2-орун,
Өздүк капитал: 2-орун,
2009- жылдын 1-августуна карата таза киреше: 56 549 миң сом

Байланыш борбору: +996 (312) 90 50 50