Көп берилүүчү суроолор

Эгерде карта жоголуп же аны уурдап кетсе эмне кылуу керек?

Эгерде сиз, сиздин картаңыз жоголуп кетсе, биринчиден тынчсызданбаңыз. Эстегенге аракет кылыңыз, үйдө тумбочкада капчыгыңызды калтырып койгон жоксузбу, антпесе жаңы карта алуу үчүн кайра акча төлөп каласыз. Эгерде сиздин картаңыз уурдалса же жоготуп жиберсеңиз, тезирээк аны иштетпей салуу керек.

Оозеки кайрылган учурдан тартып үч күндүн ичинде Банкка картаны камалоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз жөнөтүү керек (факс: 300-694). Уурдалган учурда сөзсүз жергиликтүү милицияга билдирүү зарыл.

ЭЛКАРТ карталары боюнча Сиз “МПЦ” ЖАКнын күнү-түнү бою иштөөчү 692881, 692882, телефондору боюнча, ошондой эле жумуш убагында Банкка 90-53-12 телефону боюнча жардамга кайрылсаңыз болот.

Кыргызстанда VISA карталары боюнча 90-53-12, 90-50-50 телефондору боюнча жардамга кайрылсаңыз болот. Россияда Газпромбанктын 8(495) 913-79-99, 8(495) 980-41-41күнү-түнү бою иштөөчү телефондору боюнча картаны иштетпей коюуну жүргүзө аласыз. Чет өлкөдө Сиз жардам үчүн сиздин картанын логотиби менен жабыштырмасы бар каалаган банкка кайрыла аласыз. Бирок, Банкка түз телефон чалсаңыз жакшы болот (сиздин картаңыздын арт жагында телефон номуру бар). Бул сиздин убактыңызды жана күчүңүздү үнөмдөйт. Биринчи мүмкүнчүлүгүңүз болгондо жоголгон учурду жазуу түрүндө картаңыз жоголгондугу жөнүндө арызыңызды факс аркылуу “БТА БАНК” ЖАКсына жөнөтүңүз. Келгенден кийин арыздын нускасын Банкка өзүңүз алып келиңиз.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү күнү-түнү бою иштөөчү төлөм тутумунун кардарларга жардам көрсөтүү глобалдык кызматына кайрыла аласыз:

Visa International — +1-41-05-81-38-36;
ЭЛКАРТ — 692881, 692882

Сатып алып жаткан учурда кантип алданып калбаш керек?

Чекке кол коюунун алдында, андагы көрсөтүлгөн сумма нак сумма менен дал келерин текшериңиз. Эгерде сиз туура келбестик тапкан учурда, эч качан чекке кол койбоңуз.

Эгерде карта боюнча операция токтотулган учурда, сатуучу жүргүзүлүүчү операцияларды авторизациялоону жокко чыгаргандыгын (кайра чакыруу) текшерүү керек. Антпесе кандайдыр бир убакытка бүтпөгөн операциянын суммасы картанын эсебинде камалып калат.

Төлөм операциялар боюнча, анын ичинде ийгиликсиз операциялар боюнча бардык документтерди сөзсүз түрдө сактап коюуңуздар.

Бул маалыматтарды санкцияланбаган пайдалануудан болбос үчүн сиздин картанын реквизиттери бар документти эч качан таштабаңыз.

Банкоматта нака акчаны кантип алса болот?

ПИН-кодду киргизип жатканда абдан көңүл коюу керек. Эгерде сиз бир нече жолу аны туура эмес киргизсеңиз, сиздин картаңыз иштебей калат. Сиздин ПИН-кодуңуз – бул Сиздин өз акчаңызга болгон кирүү мүмкүнчүлүк: аны кагазга жазбастан жаттап алыңыз, эгерде жазып алсаңыз, аны капчыгыңызга карта менен бирге салбаңыз.

Операция жүргүзүп жаткан учурда алаксыбаңыз. Кардар тарабынан реакция болбогон учурда коопсуздук максатында, 30-45 секунд ичинде банкомат сиз тарабынан алынбаган картаны же акчаны кайра алып койушу мүмкүн.

Алган акча кайра санагыла.

Нака акчаны алууга болгон лимиттер жөнүндө унутпаңыз. Башка банктын тараптары акчалай алууга чектөөнү коё алышат. Төлөм тутумунун эрежелери боюнча мындай чектөөлөр 200 АКШ доллары эквивалентинен аз болбоого тийиш. Ошондой болсо дагы кээ бир өлкөлөрдө кошумча чектөөлөр киргизилүүсү мүмкүн. Ошондуктан чет өлкөгө барууда нака акча алууга лимиттер жөнүндө мурдараак кызыгып билүү керек.

Эгерде банкомат картаны “жутуп алса” эмне кылуу керек?

Эгерде сиз бир нече жолу өзүңүздүн ПИН-кодуңузду туура эмес киргизсеңиз, же сиздин картаңыздын мөөнөтү өтүп кетсе же банкоматта техникалык үзгүлтүк болсо банкомат картаны “жутуп алуусу” мүмкүн. Мындан ары банк менен текшерүү жүргүзүү үчүн байланышуу, ал эми картаны иштетпей коюу керек.

Эч качан мындай учурларда, кайрадан өзүнүн ПИН-кодун кайталоону же Банкка телефон боюнча аны билдирүүнү сунуштаган чоочун адамдарга жардамга барбагыла. Булар алдамчылар болушу мүмкүн. Эгерде картаны кармоо картаны иштетпей коюудан же ПИН-кодду көп жолу ката кайталоодон болбосо банкоматтагы банктын тарабына (мисалы, банкоматтын ишиндеги үзгүлтүктүн натыйжасында) банкоматтын банк-ээсине бул жөнүндө карта кармалган учурдан тартып 2 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө билдирүү керек.

Банктын бөлүмүндө карта боюнча нака акча кантип алса болот?

Операция жүргүзүүгө чейин тейлөөчү банк ала турган комиссиянын суммасы менен таанышыңыз. Сиздин картаңыз менен болгон кассирдин бардык аракети сиздин көз алдыңызда өтүүсү тийиш. Сиздин картаңыз менен кассир башка жайга кетүүсүнө жол бербеңиз.

Бардык карт-чектерди жана чектерди жарым жылдын ичинде жоготрой сактагыла. Эгерде банк тарабындагы персонал тарабынан алдамчылыктын туткуну болуп калсаңыз, сиздин тыкандыгыңыз чоң мааниге ээ.Нака акча алып жаткан учурда, суралуучу сумманын жана карт-чектердеги сумманын туура келүүсүнө өзгөчө көңүл буруңуз.

Эгерде банктын кассасынан акча алууну пландасаңыз, дайыма паспортуңузду алып жүрүңүз.

Кассадан кетпестен акчаны кайра санаңыз жана текшериңиз.

Эгерде карта “иштөөдөн баш тартса” эмне кылуу керек?

Операцияны аяктоо үчүн каражаттардын картадагы жетишсиздиги - эң жайылтылган себеби. Проблеманы чечүү үчүн сиздин счетту толтуруу зарыл. Эгерде сиз картада каражат жетиштүү, бирок ал боюнча операция жүргүзүлбөй жаткандыгына ишенсеңиз, анда Банкка кайрылыңыз.

Эмне үчүн кээде сиз эсептеген суммадан чоң сумманы эсептен чыгарып салышы мүмкүн?

Адатта бул карточкалык эсептин акчасы операция жүргүзүлүп жаткан акча менен дал келбегенде болот (мисалы, сиз чет өлкөдө сомдук карта менен эсептешкенде). Мындан тышкары банктын тараптарында акчанын конвертациялоонун өзүнчө курсу болуусу мүмкүн, кээ бир учурларда каражаттарды эсептен чыгаруу кармалуу менен жүргүзүлөт, операциянын бул учурунда эсептен чыгаруунун бул учурундагы курс боюнча жүзөгө ашырылат.

Шашылыш учурларда каякка кайрылуу керек?

Visa банк картасынын кармоочуларын колдоо кызматынын күнү-түнү бою иштөөчү телефондору: (495) 913-79-99, 980-41-41,

ЭЛКАРТ банк картасынын кармоочуларын колдоо кызматынын күнү-түнү бою иштөөчү телефондору: (312) 692-881, 692-882.
Банк карталарынын кармоочуларын күнү-түнү бою колдоо кызматы төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
  • жоголгон учурда картаны иштетпей коюу;
  • карта боюнча операцияларды аткаруу маселелери боюнча, анын ичинде банкоматтарда төлөмдөр, картадан картага которуу операциялар боюнча жардам;
  • банкоматтарда кармап алганда картаны кайтарып берүүдө жардам;
  • эсептин абалы жөнүндө маалымат берүү;
  • башка маалыматтык-консультациялык колдоону көрсөтүү.