Элкарт банк карталары

ЭлкартЭЛКАРТ банк төлөм картасы - бул анын кармоочусуна товарларды, кызматтарды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө, терминалдар жана башка механизмдер жана картанын кармоочусу менен эмитеттердин ортосундагы келишимге ылайык эмитетентте ачылган банк счетунда турган акча каражаттар менен анын кармоочусун башкаруу үчүн банк счетуна мүмкүндүк каражаты аркылуу улуттук акчада нака акча каражаттарын алууга мүмкүндүк берүүчү төлөм инструменти. Карта боюнча операциялар акча каражаттардын банк эсебинде жетишпеген же жок болгон учурда банк эсебинин келишимине ылайык эмитент тарабынан берилүүчү банк эсебинде болгон өз каражаттарынын калдыгынын (дебет) же кредиттин чегинде картанын кармоочусу тарабынан жүргүзүлөт. Карта эмитенттин менчиги болуп саналат жана келишимдин шартына ылайык карта кармоочусунун пайдалануусуна берилет. ЭЛКАРТ банк карталары рыноктун ар кандай сегменти үчүн жеткиликтүү, б.а. корпоративдик кардарлардан тартып сатуучуларга, мугалимдерге, дарыгерлерге жана пенсионерлерге чейин пайдалануучу болуп кире алат.

Башка төлөм тутумунан айырмаланып, бул продуктун маанилүү артыкчылыгы болуп баадагы жеткиликтүүлүгү, банкоматтык жана терминалдык тармактын тез кеңейүүсү, ошондой эле карталардын бардык калган артыкчылыктары:

  • Ишенимдүүлүк;
  • Калдыкка сыйлоодон кошумча киреше;
  • Эсепке күнү түнү боюнча мүмкүнчүлүк;
  • Товарларды жана кызматтарды ыңгайлуу төлөө;
  • Коммуналдык кызматтар үчүн эсептерди төлөө боюнча убакытты үнөмдөө;
  • Акча каражаттарды коопсуз сактоо;
  • Сменалык жана барып келип иштөө режиминде, бат-бат иш сапарларда айлык акы алуунун ыңгайлуу схемасы;
  • Эсепке чектелген жана чектелбеген жеткиликтүүлүктү аларга коюу мүмкүнчүлүгү менен үй бүлөнүн бардык мүчөлөрү үчүн кошумча карталарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү.

Элкарттын жагымдуулугу айлык акылар боюнча овердрафтык карталарды, кредиттик карталарды жана ко-бренд программаларды таркатууну камсыздоо болот.

Мындан тышкары банк тарабынан рыноктун ар кандай сегментин эске алуучу тарифтер иштелип чыкты. Айлык акы долбоорлорунун алкагында мам. мекемелердин жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эң төмөн тарифтер (сом менен) белгиленген.

Жекече жактар үчүн тарифтер

Тарифтин аталышы Тарифтин мааниси (сом)
1 жылга 2 жылга
Негизги картаны чыгаруу 100 120
Негизги картаны кайра чыгаруу (мөөнөттүн аякташы) 180 230
Картаны шашылыш чыгаруу 200 250
Кошумча картаны чыгаруу 100 150
Негизги/кошумча картаны кайра чыгаруу (магнит тилкенин бузулушу, ПИН-кодду жоготуп алуу, карта ээсинин ФАА өзгөрүшү) 100 120
Негизги/кошумча картаны кайра чыгаруу (жоготуп алуу, уурдатып жиберүү) 200 250
Жылдык тейлөө 100 150
Банк тармагында акча каражаттарын накталаганы үчүн комиссия 0,4% 0,4%
Башка банк тармагында акча каражаттарын накталаганы үчүн комиссия 0,6% 0,6%
Картаны блокировкалоо 50 50
Банк тармагында балансты суроо Акысыз Акысыз
Башка банк тармагында балансты суроо 5 5
Ай сайын берилүүчү көчүрмө Акысыз Акысыз
Карта боюнча кошумча көчүрмө 20 20
Башка банктын тармагында алынып ташталган карталарды кайтаруу үчүн комиссия:

Бишкек шаарында 65 күн, Бишкек шаарынын сыртында 70 күн.

Бишкек шаарында 3 жумуш күнү, Бишкек шаарынын сыртында 10 жумуш күнү.

120

550

120

550

Бир финансылык дооматты кабыл алуу, кароо үчүн комиссия 150 150
Калдыкка чегерилүүчү сыйлык (% жылына)
Ай сайын чегерүү, капиталдаштыруу
3% 3%

Айлык акылык тарифтер

Тарифтин аталышы 2 жылдык тарифтин мааниси (сом)
Негизги картаны чыгаруу Акысыз
Негизги картаны кайра чыгаруу (мөөнөттүн аякташы) Акысыз
Картаны шашылыш чыгаруу 200
Кошумча картаны чыгаруу 100
Негизги/кошумча картаны кайра чыгаруу (магнит тилкенин бузулушу, ПИН-кодду жоготуп алуу, карта ээсинин ФАА өзгөрүшү) 100
Негизги/кошумча картаны кайра чыгаруу (жоготуп алуу, уурдатып жиберүү) 150
Жылдык тейлөө Акысыз
Акча каражаттарын которуу (уюмдун эсебинен) * 0,4%
Банк тармагында акча каражаттарын накталаганы үчүн комиссия *
Башка банк тармагында акча каражаттарын накталаганы үчүн комиссия 0,6%
Картаны блокировкалоо 50
Банк тармагында балансты суроо Акысыз
Башка банк тармагында балансты суроо 5
Башка банктын тармагында алынып ташталган карталарды кайтаруу үчүн комиссия:

Бишкек шаарында 65 күн, Бишкек шаарынын сыртында 70 күн.

Бишкек шаарында 3 жумуш күнү, Бишкек шаарынын сыртында 10 жумуш күнү.

120

550

Бир финансылык дооматты кабыл алуу, кароо үчүн комиссия 150
Ай сайын берилүүчү көчүрмө Акысыз
Карта боюнча кошумча көчүрмө 10
Калдыкка чегерилүүчү сыйлык (% жылына)
Ай сайын чегерүү, капиталдаштыруу
3%

* - эгер уюм карт-счетко акча каражаттарын которгону үчүн комиссия төлөсө, карта ээсинен комиссия алынбайт.