Акча каражаттарды которуу

Акча каражаттардын акчасыз которулушу үчүн картаны магниттик сызыгы ылдый болгондой кылып кабыл алгычка салуу керек. Экранда тил (орусча, кыргызча, англисче) тандоо суранычы жөнүндө маалымат пайда болот. Сиз банкоматта бул операцияны жүргүзүү үчүн Сизге ыңгайлуу болгон тилди көрсөтүүңүз керек. Мындан ары Сизге ПИН-кодуңузду (банкоматта клавиатуралар бар) киргизүү сунушталат. ПИН-код 4 сандан турат.

Акча которууларды жүзөгө ашыруу үчүн банкоматтарды пайдалануу боюнча нускама

ПИН-кодду киргизгенден кийин негизги экранда пайда болгон Акча которуулар деген операцияны тандаңыз.

Кийинки экран:

Алуучунун картасынын номурун киргизиңиз

Алуучунун карта номуру картанын бет жагында түшүрүлгөн 16 сандан турат.

Кийинки экран:

ЖЖ.АА форматындагы картанын иштөө мөөнөтүн киргизиңиз.

Банкоматтагы нускамага ылайык картанын бет жагында белгиленген картанын иштөө мөөнөтү киргизилет. Ошону менен бирге, кайра киргизүү керек б.а. ай анан жыл эмес, (АА. ЖЖ) башында жыл, андан кийин айы (ЖЖ.АА.)

Киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерип туруп, бул акча которууну бекемдеш керек. Эгерде сиз төлөмдүн туура эмес маалыматтарын киргизген учурда, сунушталган киргизүүнү кайталоого мүмкүндүк берүүчү “Кайталоо” деген пунктту тандооңуз керек. “Улантуу” деген пунктту тандаңыз.

Кийинки экран:

Төлөмдүн (которуунун) суммасын киргизгиле.

Банкоматтын экранында төлөм суммасын киргизүү үчүн (мисалга 3000.00) төмөндөгү форматтагы сумманы киргизе турган ХХХХХ.ХХ меню пайда болот.

Кийинки экран:

Сиз которуунузду бекемдеңиз

“Улантуу” деген пунктту тандагыла.

Кийинки экран:

Сиздин картаңыздан ХХ-----ХХ картасына ХХХХХ.ХХ суммага акча которуу ийгиликтүү жүргүзүлдү. Чек керекпи?

Эгерде сиз төлөмдүн туура эмес суммасын киргизсеңиз “Токтотуу” деген пунктту басыңыз.

Бул төлөмдү ийгиликтүү жөнөткөндөн кийин, экранда операция ийгиликтүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымат пайда болот жана төлөм реквизиттери менен чек басылып чыгат.

Урматтуу “БТА Банк” ЖАКсынын карта кармоочулары Сиздерден сураныч, чекти жоготпой сактагыла, ошондой эле киргизилүүчү маалыматтарды туура киргизгиле жана текшергиле.