Коммуналдык кызматтарды төлөө

Коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн картаны магниттик сызыгы ылдый болгондой кылып кабыл алгычка салуу керек. Экранда тил (орусча, кыргызча, англисче) тандоо суранычы жөнүндө маалымат пайда болот. Сиз банкоматта бул операцияны жүргүзүү үчүн Сизге ыңгайлуу болгон тилди көрсөтүүңүз керек. Мындан ары Сизге ПИН-кодуңузду (банкоматта клавиатуралар бар) киргизүү сунушталат. ПИН-код 4 сандан турат. ПИН-кодду киргизгенден кийин экранда төлөм жүргүзүү үчүн негизги меню пайда болот, Кызматтарды төлөө деген пунктту тандаңыз.

Сиз төлөөнү (Кыргызтелеком, электр энергия үчүн төлөө ж.б.) жүзөгө ашырууну каалаган анда кызматтар төлөөнү жеткирүүчүлөрдү көрсөтүү менен кийинки экран пайда болот.

Тийиштүү жеткирүүчүнү тандагандан кийин Сиз тандалган жеткирүүчүнүн төлөөчү эсептеринин талап кылынуучу реквизиттерин киргизиңиз, тактап айтканда кардардын номурун, өздүк эсебинин номурун, мүмкүн болсо телефон номурун жана башкалар. Киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерип туруп, бул төлөмдү бекемдеш керек, Улантуу деген пунктту тандайсыз.

Сиз төлөмдүн туура эмес маалыматтарын киргизген учурда сунушталган киргизүүнү кайталоого мүмкүндүк берүүчү Кайталоо деген пунктту тандоо керек.

Андан ары банкоматтын экранында төлөм суммасын киргизүү үчүн (мисалга 200.00) төмөндөгү форматтагы сумманы киргизе турган ХХХХХ.ХХ меню пайда болот.

Эгерде сиз туура эмес төлөм суммасын киргизсеңиз, Кайталоо деген кнопканы басыңыз.

Төлөмдүн киргизилген суммасынан кийин мындан ары Сиз тарабынан бекемделүүчү киргизилген төлөмдүн маалыматы чагылдырылган экран пайда болот.

Сиз тарабынан бул маалымат бекемделгенден кийин бул төлөм чек мененби же чексизби деген сунуш түшөт. Бул төлөмдү ийгиликтүү жөнөткөндөн кийин экранда операция ийгиликтүү аяктады деген маалымат пайда болот жана төлөмдүн реквизиттери менен чек басылып чыгат. Сиздерден сураныч, чекти жоготпой сактагыла, ошондой эле киргизилүүчү маалыматтарды туура киргизгиле жана текшергиле.