Акча которуулар

Кардарларды максималдуу сапаттуу жана тез түрдө тейлөө үчүн банк акча которуунун ар кандай түрлөрүн сунуш кылат: эсеп ачуу жана ачуусуз жолу менен, улуттук жана чет-өлкөлүк валюталарында, жекече жана юридикалык тараптардын атына, Кыргызстан ичинде жана чет өлкөлөргө.

Western Union

Акча-каражаттарды жөнөтүлгөндөн кийин бир нече мүнөттүн ичинде алса болот. Сиз акча каражаттарын системанын 370 000 бөлүмдөрүндө дүйнө жүзү боюнча 200 мамлекеттеринде жөнөтүшүңүз жана алышыңыз мүмкүн. КМШда 35 000ден ашык тейлөө пунктары иштейт. Кызмат төлөөнүн түрү ийкемдүү: которуунун суммасы канчалык чоң болсо, ошончолук тариф пайдалуу болот. Комиссияны которуунун Жөнөтүүчүсү кана төлөйт, Алуучу ар кандай төлөмдөн бошотулган.

Юнистрим

Чет өлкөгө акча-каражаттарын которуу үчүн Сизге "Юнистрим" акча которуу системасын тартуулайбыз. Бул эл аралык тез арада акча которуу системасы Сизге банктык эсеп ачуусуз эле туугандарыңызга жана жакындарыңызга акча жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул системанын жакшы жактары: 0,15%-тен баштап төмөн тарифтер; 10 минута ичиндеги, тез арада которулган акча-каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү; алуучу эч кандай төлөө чыгаша кетирбөө мүмкүнчүлүгү; которууну каттоодонун ыңгайлуулук жана жөнөкөйлүүлүгү; бүт акча которуулар жиберилген валютада нактай түрүндө берилиши.

 

Contact

“Contact” – бул биринчи россиялык эсеп ачуусуз жүргүзүлгөн акча которуу жана төлөө системасы, которууну рубль, евро жана АКШ доллары менен Россия, КМШ жана алыскы чет өлкөлөрү жүргүзсө болот жана ошондой эле товар жана кызматтар үчүн төлөөлөрдү жүргүзсө болот. Жөнөтүүчүдөн аз эле комиссия кармалат: 0,1%. Алуучу тараптан төлөө чыгашаларын кетирбегендиги – ал Которууну толугу менен алат, эч кандай комиссиялар кармалбайт. Жөнөтүүчү жана Алуучу үчүн жөнөкөй каттоо эрежелери.

Faster

“FASTER” - акча каражаттарын экспресс которуу системасы. “FASTER” жакынкы жана алыскы чет-өлкөлөрдүн ар жеринде жайгашкан тейлөө пунктарына тез убакыт ичинде акча-каражаттарын жиберип жана алганга мүмкүнчүлүк түзүп берет. “FASTER” которуулары – акча которуунун прогрессивдүү жана абдан ыңгайлуу түрү. Акча-каражаттарын которуудагы абдан тез ылдамдыктар – жиберилгенден кийин 1 минутадан кийин алса болот. Которуулар төмөндө берилген каалаган валютада жиберсе болот: АКШ доллары; евро; Россия рубли; казак теңгеси. Которуу кызматы үчүн алынган төмөн тарифтер: которулган сумманын 2%-и: минимум 1 АКШ доллары, максимум 180 АКШ доллары. Акча жөнөтүү жана алуу үчүн болгон арыздардын электрондук формасы. Жиберилген акча-каражаттардын кайра кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү.

RIA

RIA тез акча которуулардын эл аралык системасы менен түз иш алып барган Кыргызстандагы жалгыз банк "БТА Банк" болуп эсептелет. RIA тез акча которуулардын эл аралык системасынын Европа, Америка, Азия жана Африканын 147 өлкөсүндө 272 000 тейлөө пункттары орун алган. Которууларды карта же накталай акча каражаттары менен жөнөтсөңүз же алсаңыз болот.

RIA которууларынын валютасы – АКШ доллары, евро. RIA которуусун Банктын Сизге ыңгайлуу болгон кайсы болбосун бөлүмчөсүнөн жүзөгө ашыра аласыз.

Blizko

"BLIZKO" — бул жекече тараптардын тез аранын ичинде, эсеп ачуусуз, Россия жана КМШ мамлекеттеринин алкагында Россия рубли, АКШ доллары жана евро түрүндө акча которуу системасы. Акча которуу убактысы - акча жиберилген убакыттан баштап 1 минутадан кийин; комиссия которулган суммага жараша кармалат. Которуу комиссиясы Blizko-нун коюлган тарифтерине жараша кармалат.

Алтын Корона

«Алтын корона» сизге Россия жана КМШ боюнча каалаган жердеги жакындарнызга акча которуу мүмкүнчүлүгүн берет – бат жана арзан. «Алтын корона» - бул жеке адамдар үчүн Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча рубль, АКШ доллары жана евро менен эсеп ачпай акча которуу мүмкүнчүлүгү. Которуунун ылдамдыгы чоң (1 минутага чейин). КМШ жана Россия боюнча которуу комиссиясы – 0,15% тен баштап. Системынын мүчөсү болгон каалаган банктан кардар которууну ала алат (дарексиз которуу).

MoneyGram

Бул бир жеке адамдын дүйнөнүн каалаган жериндеги экинчи адамга АКШ доллары менен эсеп ачпай акча которуу мүмкүнчүлүгү. Которуу убактысы 10-15 минутаны түзөт. Окшош кызматтардын арасында, МаниГрэм которуу эң арзандардын бири.

SWIFT

Алуучунун толук банктык реквизиттери бар болгон кездеги, акча каражаттарын дүйнө жүзүнүн ар бөлүгүнө которууга мүмкүнчүлүк түзүп берген эл аралык система. Акча которуулар, эсеп ачуусуз болобу, же жекече банктык эсептен болобу, ар түрдүү валютада жүргүзүлөт. ЭКВ-дагы (АКШ доллары, евро, фунт, йен) которуунун баасы: минимум 1000 сом суммасынын 0,2%-ти; ЧКВ-да (Россия рубли, Казак теңгеси): минимум 500 сом суммасынын 0,1%-ти. Акча которуунун келип түшүү убагы 1-3 күнүнө чейин.