Акча которуулар

Кардарларды максималдуу сапаттуу жана тез  түрдө тейлөө үчүн банк акча которуунун ар кандай түрлөрүн сунуш кылат: эсеп ачуу жана ачуусуз жолу менен, улуттук жана чет-өлкөлүк валюталарында, жекече жана юридикалык тараптардын атына, Кыргызстан ичи жана чет өлкөлөргө.

Western Union

Сиз тез аранын ичинде ишенимдүү кепилдиги бар жол менен акча каражаттарын жөнөтүшүңүз же алышыңыз керекпи? "Western Union" Эл аралык акча которуу системасы ар кандай аралыктарга кыска мөөнөттүн ичинде акча-каражаттарыңарды которуп берет. Ар бир которуу дүйнөлүк класстагы ишенимдүү коопсуздук системасы менен камсыздалган жана Сиз жөнөткөн акча-каражаттарын Сиз атаган инсанга гана төлөнүп берилүүсүнө толук кепилдик берет. "Western Union" Системасы аркылуу жакынкы жана алыскы чет-өлкөлөргө акча которуу АКШ долларында жүргүзүлөт. (Кээ бир өлкөлөрдө эсептөө бир гана/же АКШ долларында жүргүзүлөт). Которуу үчүн комиссия "Western Union"-дун тарифтерине жараша төлөнөт. Которуу 3 минута ичинде жеткирилет.

Быстрая почта

"Быстрая почта" - бул акча-каражаттарды которуунун эң тез системасы. Бул системанын экспресс-которуусунун ылдамдыгы 1 минутага барабар. Которулган сумманын санына карабастан, кармалуучу комиссия 2%-ти түзөт (минимум 5 АКШ доллары же евро, акча которуунун валютасына жараша). "Быстрая почта" системасына кошулган КМШ мамлекеттеринин алкагындагы түйүндөрүнүн саны 5500-дөн ашат. Акча которуулар жекече тараптар ортосунда банктык эсептерди ачуусуз жүргүзүлөт. Системанын жакшы жактары болуп анын тездиги (1 минута), формалдыктардын минимуму, арзандыгы (комиссия - 2%) жана жеткиндүүлүгү эсептелет.

Юнистрим

Чет өлкөгө акча-каражаттарын которуу үчүн Сизге "Юнистрим" акча которуу системасын тартуулайбыз. Бул эл аралык тез арада акча которуу системасы Сизге банктык эсеп ачуусуз эле туугандарыңызга жана жакындарыңызга акча жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул системанын жакшы жактары: 1,9%-тен 3%-ке чейинки төмөн тарифтер; 10 минута ичиндеги, тез арада которулган акча-каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү; алуучу эч кандай төлөө чыгаша кетирбөө мүмкүнчүлүгү; которууну каттоодонун ыңгайлуулук жана жөнөкөйлүүлүгү; бүт акча которуулар жиберилген валютада нактай түрүндө берилиши.

Leader

Эгер Сизге чет өлкөгө акча-каражаттарын жибериш керек болсо, "Leader" акча которуу системасын колдонсоңуз, Сиз жиберген акча-каражаттары 5-10 минута ичинде КМШ жана Балтия мамлекеттеринин алкагында жайгашкан ар VMT түүнүндөгү Алуучуга жеткизилет. Жөнөтүүчү Алуучунун конкреттик дарегин көрсөтүүсүн кереги жок, жана Жөнөтүүчүнүн каалоосу боюнча, которулган каражаттарды түзмө-түз Алуучунун банк эсебине жиберсе болот. Которуулар Россия рублинде, АКШ долларында жана евродо жүргүзүлөт. Которуу комиссиясы КМШ, Балтия, Англия жана Кытай мамлекеттерине которулган сумманын 1,5% түзөт.

Contact

“Contact” – бул биринчи россиялык эсеп ачуусуз жүргүзүлгөн акча которуу жана төлөө системасы, которууну рубль, евро жана АКШ доллары менен Россия, КМШ жана алыскы чет өлкөлөрү жүргүзсө болот жана ошондой эле товар жана кызматтар үчүн төлөөлөрдү жүргүзсө болот. Жөнөтүүчүдөн аз эле комиссия кармалат: 0%-тен 2%-ке чейин, же аныкталган сумманын төлөмү менен. Алуучу тараптан төлөө чыгашаларын кетирбегендиги – ал Которууну толугу менен алат, эч кандай комиссиялар кармалбайт. Жөнөтүүчү жана Алуучу үчүн жөнөкөй каттоо эрежелери. Акча которуу системасы 40 000 тейлоо пунктары дүйнө жүзү боюнча 90 мамлекеттеринде жайгашкан.

Анелик

"Анелик" акча которуу системасын Сизге сунуш кылабыз. Которуу АКШ долларында банкта эсеп ачуусуз жүргүзүлөт, дүйнө жүзү боюнча 82 мамлекеттеринде алынат жана берилет. Которуу комиссиясы которулуучу сумманын 3%-ын түзөт. Которууну каттоодогу ыңгайлуулук жана комфорт. Которуунун мөөнөтү - 3 сааттан баштап.

FASTER

“FASTER” - акча каражаттарын экспресс которуу системасы. “FASTER” жакынкы жана алыскы чет-өлкөлөрдүн ар жеринде жайгашкан тейлөө пунктарына тез убакыт ичинде акча-каражаттарын жиберип жана алганга мүмкүнчүлүк түзүп берет. “FASTER” которуулары – акча которуунун прогрессивдүү жана абдан ыңгайлуу түрү. Акча-каражаттарын которуудагы абдан тез ылдамдыктар – жиберилгенден кийин 1 минутадан кийин алса болот. Которуулар төмөндө берилген каалаган валютада жиберсе болот: АКШ доллары; евро; Россия рубли; казак теңгеси. Которуу кызматы үчүн алынган төмөн тарифтер: которулган сумманын 2%-и: минимум 1 АКШ доллары, максимум 180 АКШ доллары. Акча жөнөтүү жана алуу үчүн болгон арыздардын электрондук формасы. Жиберилген акча-каражаттардын кайра кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү.

InterExpress

"InterExpress" акча которуу системасы "on-line" режиминде Интернет тармагын колдонуу аркылуу, транзакцияга максималдык 10 минута убакыт ичинде акча-каражаттарын которууга мүмкүнчүлүк берет. Бул система жекече тараптар, башкача айтканда, резиденттер жана резидент эместер үчүн, КМШ, Кытай, Вьетнам мамлекеттеринин алкагында банкта эсеп ачуусуз акча которуу үчүн арналган. Акча которуулар төмөнкү валюталарда жүргүзүлсө болот: евро, АКШ доллары. Которуу үчүн комиссия 1,8%-тен 2,8%-га чейинки санды түзөт.

МИГОМ

MIGOM (МИГОМ)® — бул жекече тараптардын эсеп ачуусуз, КМШ жана Балтия мамлекеттеринин алкагында соода багытындагы эмес акча которуусун жүргүзүү үчүн арналган программа. MIGOM® акча которуу программасынын артыкчылыктары анык көрүнүүдө — акча которуудагы максималдык ылдамдык - 5-10 минута ичинде; Эң ийри банктар тараптан камсыздалган Сиздин акча-каражаттарыңыздын сактыгы; акча которуунун комиссиясыз төлөнүп берилиши; акча которуунун каттоодогу жөнөйкөй шарттары. Которуу комиссиясы MIGOM®-дун коюлган тарифтерине жараша кармалат.

BLIZKO

"BLIZKO" — бул жекече тараптардын тез аранын ичинде, эсеп ачуусуз, Россия жана КМШ мамлекеттеринин алкагында Россия рубли, АКШ доллары жана евро түрүндө акча которуу системасы. Акча которуу убактысы - акча жиберилген убакыттан баштап 1 минутадан кийин; комиссия которулган суммага жараша кармалат.

Caspian money transfer

Caspian money transfer — жекече тараптардын эсеп ачуусуз, КМШ мамлекеттеринин алкагында акча которуу системасы. Которуулар АКШ долларында, евро жана Россия рублинде жүргүзүлөт. Комиссия которулган суммага жараша кармалат. Которуу ылдамдыгы - жиберилген мөөнөттөн баштап 1 минутадан кийин.

SWIFT

Алуучунун толук банктык реквизиттери бар болгон кездеги, акча каражаттарын дүйнө жүзүнүн ар бөлүгүнө которууга мүмкүнчүлүк түзүп берген эл аралык система. Акча которуулар, эсеп ачуусуз болобу, же жекече банктык эсептен болобу, ар түрдүү валютада жүргүзүлөт. ЭКВ-дагы (Эркин Конверттелген Валюта) (АКШ доллары, евро) которуунун баасы: минимум 1000 сом суммасынын 0,2%-ти; ЖРКВ-да (Жалпы Россия Валюта Классификациясы) (Россия рубли, Казак теңгеси): минимум 500 сом суммасынын 0,15%-ти. Которуу убактысы: 1 жумуш күнүнөн 3 жумуш күнүнө чейин.

Алтын корона

«Алтын корона» сизге Россия жана КМШ боюнча каалаган жердеги жакындарнызга акча которуу мүмкүнчүлүгүн берет – бат жана арзан. «Алтын корона» - бул жеке адамдар үчүн Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча рубль, АКШ доллары жана евро менен эсеп ачпай акча которуу мүмкүнчүлүгу. Которуунун ылдамдыгы чоң (1 минутага чейин). КМШ жана Россия боюнча которуу комиссиясы – 1,5%. Системынын мүчөсү болгон каалаган банктан кардар которууну ала алат (дарексиз которуу).

MoneyGram

Бул бир жеке адамдын дүйнөнүн каалаган жериндеги экинчи адамга АКШ доллары менен эсеп ачпай акча которуу мүмкүнчүлүгү. Которуу убактысы 10-15 минутаны түзөт. Окшош кызматтардын арасында, МаниГрэм которуу эң арзандардын бири. Которулуп жаткан акчанын көлөмүнө карай, которуунун орточо баасы 3-5 пайызды түзөт.