Карта кармоочуларга пайдалуу кеңештер

Биз төмөндө биздин кардарларга жагымсыз шарттарда жардам бере турган банк карталарын пайдалануунун кээ бир жалпы эрежелерин келтирүүгө аракет кылабыз:

Документтерди унутпагыла.
Эгерде Силер дүкөндө карта менен төлөй турган болсоңуз, сизге паспорт же инсандыкты тастыктай турган башка документ керек болот.

Маалыматтарды текшергиле
Картаны алганда, картадагы сиздин атыңыздын латынча жазуусу сиздин чет өлкөлүк паспортуңуздагы жазуу менен тамгасына чейин туура келүүсүн тактаңыз. Болбосо, сизде чөт өлкөдө сатып алууну төлөөдө татаалдыктар пайда болуусу мүмкүн.

Купуялуулукту сактагыла
Сиздин карта менен операцияларды жүргүзүүгө боло турган өзүңдүн жашыруун ПИН-кодуңду эч кимге айтпаңыз.

Көчүрмөлөр үчүн дайыма кайрылыңыз.
Айына бир жолу эсептен чыгаруунун тууралыгын контролдоо үчүн эсеп боюнча көчүрмөнү алуу үчүн банкка кайрылыңыз. Көчүрмө берүүнүн ар кандай ыкмалары бар. Сиз алардын ичинен сизге эң ыңгайлуусун тандап алсаңыз болот.

Банкка Сиздин телефонуңуздун жана башка байланышуу маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө сөзсүз билдириңиз.

Эгерде банкта так эмес маалыматтар болсо, биздин банктын кызматкери шектүү операцияларды тактоо үчүн же талаш кырдаалдар пайда болгон учурларда сиз менен тез байланыша албайт.

Ошондой эле, көчүрмөдө болгон операция белгиленбесе банкка билдиргиле. Картаны пайдалануу технологиясы ушундай. Чыгымдардын бөлүгү операцияларды жүргүзгөн нак убакыттан бир аз кеч эсептен чыгарылышы мүмкүн (сейрек учурларда бул мөөнөт бир жылга жетет). Каражаттардын “күтүлбөгөн” эсептен чыгаруусуна кезикпеш үчүн, сиз көчүрмөдө чыныгы операциялардын жазылуусуна көз салыңыз. Эгерде сиз туура келбестикти байкасаңыз, байланыш маалыматтары боюнча Банкка кайрылыңыз.