Соодалык каржылоо
"БТА Банк" ЖАК 8 жылдан бери, "Инэксимбанкынын" мураскору катары экспорт-импорт операцияларын каржылоодо ийгиликтүү иш алып барууда. 18-декабрь 2000-жылы ЕБРӨ менен түзүлүп кол коюлган макулдашуунун мөөнөтү аяктады. Бул макулдашуунун алкагында биздин Банк кардарлардын, суммасы 7146,7 миң АКШ доллары жана 578 510 Евродогу, 60-тан ашык соодалык операциясын жүргүздү. Ребрендинг жүргүзүлгөн соң биздин Банк банк-партнёрлор менен жаңы макулдашууларды түзүүдө. 2008-жылдын апрелинен баштап "БТА Банк" АК-тын Алматы шаарындагы башкы кеңсесинде Соода каржылоосу боюнча жаңы линия ачылды. Биздин Банк бул линияны колдонуу аркылуу дүйнө жүзүндөгү 600-дөн ашык банктарга чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Биздин банк-партнёрлорун авторитети Сизге ар түрдүү оордуктагы маселелерди чечип берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Соодалык каржылоонун негизи - аккредитив жана кепилдиктер сыяктуу эл аралык соода инструменттерин колдонуу.
1. Документалдуу аккредитив бул банктын, кардардын тапшырмасы менен, бенефициарга (товар сатуучусуна) аккредитивде көрсөтүлгөн сумманы аккредитивдин текстинде көрсөтүлгөнгө жана тиешелүү шартталган документтерине каршы, тексте көрсөтүлгөн аккредитив убактысы ичинде төлөө милдеттемесин алуу болуп саналат.
Башкача айтканда, Сиз "БТА Банк" ЖАК менен төмөнкү макулдашуу түзөсүз: биз алып келинген товар үчүн, Сиздин партнеруңуз (товардын сатуучусу) биздин банкка керектүү документтерди: транспорттук, бажылык, жүктөп жеткизүүнү далилдөөчү документтерин, товардын сапатын жана башка мүнөздөрүн далилдөөчү документтерин көрсөтөөрү менен аккредитив түзүлгөн сумманы төлөп берүү милдетин алабыз. Аккредитивдин шарттарында транспорт, жүктү камсыздандыруу шарттары сүйлөшүлөт, бул аркылуу сырткы сатуу тобокелдери четке кагылат:
товарды жеткирбей коюу коркунучу
тиешелүү сапаттагы эмес товарды жеткирүү
камсыздандырууда болгон коркунучтар
Дүйнө жүзүндө аккредитивдин эки түрү колдонулат:
Биринчи түрү - көрсөтүүдө ачылуучу аккредитив, башкача айтканда, документтердин келээри менен, сиз (импортер) бир жума ичинде түшүрүлгөн товар үчүн төлөөнү жүргүзүүгө милдеттүүсүз.
Аккредитивдин экинчи түрү - кийинчи мөөнөткө калтыруу менен төлөө. Кийинки мөөнөткө калтыруу менен төлөө аккредитивин колдонгондо, сатып алуучу кийинки мөөнөткө калтыруу менен төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, б.а., пайдаланууда турган акча-каражаттарын алууга кажети жок болот. Бул сатып алуучуга ээ болгон каражаттарын экономдоого мүмкүнчүлүк берет, анткени сатып алуучу аккредитивдүү ыкма менен алынган товарды узгүлтүксүз сатып баштоого, ж.б., эгер товар катары жабдуулар же коштоочулары болсо, аны токтоосуз иштетип, андан түшкөн каражаттарды аккредитивдин бир белгилүү бөлүгүн төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Б.а., кийинки мөөнөткө калтыруу менен төлөө аккредитивдерин насыянын бир түрү деп эсептесе болот. Аккредитивдин суммасын кайтаруу болсо белгиленген убакытта жүргүзүлсө болот, ал убакыт сатуучу менен камсыздоочунун ортосундагы макулдашуусунун негизинде бекитилет. Бул кызматтын эң көрүнүктүү артыкчылыктарынын бири деп жеңилдетилген пайыздык кызыкчылыгын белгилей кетсек болот - жылдык 12%. Ошондой эле аккредитивди башка биринчи класстагы банк тараптан далидөө мүмкүнчүлүгү да бар. Бул учурда ал банк дагы өзүнө "БТА Банк" ЖАК алган милдеттиктерди алат. Бул Сиздин партнёруңуздун тобокелдигин дагы кошумча төмөндөтөт.
Ошондой эле, биз Сиздерге бул эсептешүүлөрдүн түрлөрү боюнча болгон косультациялык жардамдарды да бере алабыз - чет өлкөлүк партнёрлор менен сүйлөшүүлөрдө, банк кызматтарынын баасы менен операцияга кетүүчү мөөнөттөрүн эске алуу аркылуу ишенимдүү жана чыгашалары азыраак болгон макулдашуу схемасын түзүүдө, ж.б.
"БТА" группасына кирүү аркылуу, документардык операциялардын көпчүлүгү биздин кардарлардын контрагент банктары менен түзмө-түз жүргүзүлөт (ортомчу-банктардын катышуусуз), бул аркылуу биздин кардарлар тиешелүү бакнктык комиссиондук чыгашаларын минималдаштыра алышат.
"БТА Банк" ЖАК кардарларына документардык аккредитивдерди сом менен да, чет өлкөлүк валюта менен да бирдей ачып берет.
2. Банкттык кепилдиктер.
Баардык уюмдар, контракт түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан учурда, катышуучу экинчи тараптын жоопкерчилигине алган милдеттерин аткаруусуна кепилдик алуусун каалайт. Банкттык кепилдик - милдеттерин аткаруусун камсыздоо үчүн абдан кеңири таралган жана көпчүлүк учурда колдонулган ыкмаларынын бири. Андан сырткары, кээ бир учурларда, банкттык кепилдикти берүү кардардын белгиленген келишимдер же операцияларда катышуусунун шарты болуп эсептелет (мисалы, тендердик кепилдиктер). Аккредитивден айырмасы, кепилдик төлөө инструменти болуп эсептелбейт, кепилдик боюнча төлөөлөр кээ бир учурларда гана жүргүзүлөт. Кепилдикти колдонуу Сизге алдын ала төлөөнү кылбастан жеткизүү факты боюнча же бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, Сиздин банкыңыздын тапшырмасы боюнча, биринчи класстагы чет өлкөлүк банктын кепилдигин алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Биздин Банк эл аралык практикада колдонулган ар кандай түрдөгү кепилдиктерди бере алат:
Тендердик кепилдиктер;
Контракты аткаруу кепилдиги;
Аванстык төлөөнү кайтаруу кепилдиги ж.б.
Албетте, "БТА Банк" кепилдиктер боюнча эң пайдалуу кызыкчылыктарын сунуштайт: күрөөгө мүлктү коюу боюнча болгону жылдык 6-8%, жана күрөөгө акча каражаттарын коюу боюнча, күрөөгө коюлган суммадан болгону 0,5 - 1,5%. Өзгөчө эскерте кетчү нерсе, күрөөгө акча каражаттарын коюу кепилдиги бир иш күнү ичинде эле чыгарылат.
Аккредитив жана кепилдиктер боюнча баардык сурроолор боюнча "БТА Банк" ЖАК-тын Документардык Операциялар Бөлүмүнө, төмөндөгү телефон менен байланыша аласыз: 90-50-53


Агентство по защите депозитов