Эсепкысаптык-кассалык тейлөө
Банктын эң маанилүү милдеттеринин бири бул кардарларга эң жогорку деңгээлдеги эсепкысаптык-кассалык тейлөөнү камсыз кылуу. Банк колдонгон жаңы байланыш каражаттары жана ишти жогорку натыйжалуу жол менен уюштуруу төлөөлөрдү жана которууларды бир жумуш күн ичинде жүргүзүүгө камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. "БТА Банк" ЖАК кардарларына сомдо жана чет өлкөлүк валютада көрсөткөн эсепкысап жүргүзүү кызматтарын тизмеси, кыргыз жана эл аралык банктык рынокто бар көпчүлүк чөйрөлөрүн камтыйт.
Кардар менен иштөөнүн негизи болуп "сапаттуулук, ишенимдүүлүк, сервис, оперативдик" принципи саналат. Бул принципти ишке ашырууда бир жагынан ар бир кардарга жеке мамиле кылуу, экинчи жагынан - банктын бардык кардарларынын теңдикте сапаттуу, ишенимдүү жана ыңгайлуу банктык тейлөөгө укуктуу болушу саналат.
Банк төмөндө көрсөтүлгөн эсепкысаптык операцияларды сомдо жана чет элдик валютада жүргүзөт:
- Төлөө документтерине байланыштуу келген акча каражаттарын кардардын эсепкысаптык эсебине киргизүү;
- Накталай түрүндө акча каражаттардын кабыл алуусу жана берүүсү;
- Эсептердеги акча каражаттарынын сакталуусу үчүн коюлган сыйлыкты которуу жана төлөө;
- Кардарларга бюджеттик төлөөлөр боюнча милдеттерин тизмелеп берүү;
- Юридикалык тараптардын эсепкысаптык эсептерине чет элдик валютада акча каражаттарын өткөрүү: кайрылуу аркылуу сатып алынган товарлар же кызматтарды экспорттоо үчүн;
- Кардардын тапшырмасы боюнча акчаны чет элдик валютада эскпорт-импорттук операциялар боюнча жабуу;
- Кардарлардын төлөө тапшырмасы боюнча улуттук жана чет элдик валютада которуу операцияларын жүргүзүү;
- Кардарлардын кайрылуусу боюнча чет элдик валютасын накталай жана которуп алуу жолдору менен сатуу-алуу.


Агентство по защите депозитов