Корпоративдик насыялоо

"БТА Банк" ЖАК насыялык ресурстар менен иштөөсүн ыңгайлатуу үчүн ишмерлерге насыялык линия деп аталган продукт сунуш кылат.

Бул продукт төмөндө көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет:

  • тейлөөнүн сапатын жана тездигин жакшыртуу;
  • кардардын күрөөсүн документтештирүүгө кеткен чыгымдарын азайтуу;
  • насыялык ресурстарга туруктуу жетишкендик мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу;
  • кардарга жеке мамиле кылуу;
  • насыяны иштетүүгө кеткен убакытты азайтуу;
  • кардар жана банктын узак-мөөнөттүү кызматташуусу.

Насыялык линияны каттоо үчүн потенциалдык кардар 3 айдан кем эмес (токтоосуз) убакыт ичинде иштеп келген стабилдүү бизнеске ээ болушу керек. Экономиканын төмөндөгү секторлору каржыланат: соода, кызматар, өндүрүш, айыл-чарбачылык. Насыялык линиялар АКШ долларында да, кыргыз сомунда да бирдей берилет.

Пайыз кызыкчылыгы кардардын төлөө мүмкүнчүлүгү менен финансалык агымдарынын анализинен, насыяны иштетүүгө сураган убактысынан, максаттарынан жана мүнөзүнөн улам коюлат.

Комиссия: насыянын/насыя тармагынын суммасынын 2%га чейин.

Кароо мөөнөтү: документтер толук тапшырылгандан кийин 10 иштөө күнү.

Насыяны берүү мөөнөттөрү бизнестин түзүлүшү, багыты, жана ар бир насыялоо долбоорунун насыялык максаттарынан улам коюлат. Насыялык багытын максималдык иштетүү мөөнөтү 36 айдан ашпашы керек. Кардар каалаган маалында учурундагы субнасыялардын бирөөсүн жаап коюуга мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде финансалык анализ кардардын потенциалын көрсөтсө, насыялык линиянын сумма жана/же мөөнөтүнүн лимитин чоңойтууга мүмкүнчүлүк бар.

Насыялык линия боюнча камсыздоо суммасы насыялык линиянын суммасы минимум дегенде 120%-ын камтыш керек. Күрөө мүлкү катары төмөнкүлөр боло алат: кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, автоунаа, келечек күрөөсү, жооп берүү, ж.б.

Кардар (юридикалык тарап) Банкка төмөндөгү документтерди тапшырат:

  1. Максат, талаптанган сумма, мөөнөтү жана насыя алууда коюлган шарттары көрсөтүлгөн насыя алуу тууралуу арыз;
  2. Негиздөөчү документтердин нотариалдык түрдө тастыкталган көчүрмөлөрү;
  3. МСИ карточкасынын көчүрмөсү;
  4. Жылдык финансалык отчет - өткөн жылдын акырындакы жана акыркы отчёттук датадагы баланс жана киреше-чыгашалар отчётторун камтыган салык органдары тарабынан белгилөөсү менен (мүмкүн болсо, бар болгон учурда, аудитордук жыйынтык);
  5. Статистикалык каттоо карточкасы;
  6. Катталган жери боюнча салык органдарынан, социалдык фондунан карыздыктардын жоктугун күбөлөндүргөн справка (алынганы жаткан насыя бюджеттин алдындагы карыздарды жабууга жумшалбастыгын аныктоо үчүн);
  7. Ыйгарымдуу органдын банктан насыя алууга макулдугу тууралуу протокол;
  8. Кол коюуга биринчи жана экинчи укугу бар инсандардын колдорунун үлгүлөрү (эгерде кардар эсепкысаптык эсепке ээ болсо, бул учурда карточканын көчүрмөсү жетиштүү);
  9. Коомдун жетекчилерин күбөлөндүргөн жетекчилердин документтеринин көчүрмөлөрү;
  10. Күрөө мүлку боюнча документтер;
  11. Кошумча талап кылынып калуучу документтер (контрактар, келишимдер, рекомендациялоо каттары, уруксат берүүчү документтер, лицензиялар тастыктамалар, ж.б.)

Кардар (жеке ишкер) же патент менен иштеген инсан банкка төмөндөгү документтерди тапшырат:

  1. Арыз;
  2. Жеке ишкер катары катталгандыгын тастыктоочу күбөлүк же патент;
  3. Катталган жери боюнча салык органдарынан, социалдык фондунан карыздыктардын жокутугун күбөлөндүргөн справка (алынганы жаткан насыя бюджеттин алдындагы карыздарды жабууга жумшалбастыгын аныктоо үчүн);
  4. Акыркы отчёттук мөөнөттө катталган кирешелер тууралуу декларация;
  5. Күрөө мүлку боюнча документтер;
  6. Кошумча талап кылынып калуучу документтер (контрактар, келишимдер, рекомендациялоо каттары, уруксат берүүчү документтер, лицензиялар тастыктамалар, ж.б.)
Банк берген насыялар, ошондой эле Эл аралык насыялык линиялары боюнча башка документтердин түрлөрү да бекитилген, алар тиешелүү анализ жана алдын ала абалды башкаруучу иш аракеттерди кабыл алууга абдан пайдалуу болушу мүмкүн.