Баалуу кагаздар

«БТА Банк» ЖАК мамлекеттик баалуу кагаз рыногунун активдүү катышуучусу болуп саналат. Биздин адистер иштеп чыккан технологиялар инвесторлорго кызматтардын кеңири спектрин сушутоого мүмкүнчүлүк берет, анын ичинен баалуу кагаздарды күрөөгө берүү аркылуу насыя алуу, банк аралык рыноктог иштөөдө баалуу кагаздарды күрөөгө алуу аркылуу насыялоо, РЕПО операциялары.

Юридикалык тараптарга мамлекеттик баалуу кагаздарды (ГКВ жана НБКР ноталары) ар жума сайын өткүрүлүүчү ГКВ жана Ноталар аукционунда сатып алуу боюнча кызматтар сунушталат. Мамлекеттик баалуу кагаздар жогорку деңгээлдеги ишенимге ээ жана төлөнбөй калуу коркунучу өтө аз. Бул кагаздар дисконттук болуп саналат — номинал баасынан арзаныраак баада сатып алынып, убакыты аяктаган учурда номинал баасында төлөнөт. ГКВ нын номинал баасы — 100 сом, тездик — 3, 6, 12 ай. НБКР ноталарынын номинал баасы — 10 миң сом, тездик — 7, 14, 28, 91 күн.