Банктын тарыхы
«БТА Банк» ЖАК-нун тарыхы 1996-жылы «Эридан» Акционердик-Коммерциялык Банкы түзүлгөндө башталган. Кызмат кылуу убактысы ичинде, кардарларга банктык кызматтардын ийри түрлөрүн сунуштоосу менен, «Эридан» АКБ Кыргыз Республикасынын банктык рыногунда өзүнүн ордун ийгиликтүү ээлеп келген.
2001-жылы «Эридан» АКБ-сы «Инэксимбанк» Жабык Акционердик Коому болуп аталып иштеп келген. Ушул убакыттан баштап банктын абдан ийгиликтүү өнүгүүсү башталат, анткени бул банк өзүн абдан ишенимдүү, өнүккөн банк катары көрсөтүп, ал эл аралык финансалык институттардын ишенимине ээ болду, бул болсо банктын Кыргызстандын жеке секторуна активдүү инвестициялоосуна мүмкүнчүлүк түздү. Кичи жана микро ишканаларды насыялоо системасын өнүктүрүү тууралуу келишимин (ММФ) ЕБРӨ эң биринчилерден болуп «Инэксимбанк» ЖАК менен түзүп, кол койгон. Банк бул Программаны жөндөмдөштүрүүдө лидер болуп чыккан, аны бул Программаны ишке ашыруу үчүн берилген сыйлык далилдейт. Ошондой эле, ЕБРӨ-нын башкармачылыгы «Инексимбанк» ЖАК-ты «Ишкерлик практикадагы жогорку сапат үчүн» деп аталган алтын медаль менен сыйлоо тууралуу чечим чыгарган.
Белгилүү Европанын «Евромани» журналынын жыл сайын өткөзгөн «Жылдын эң мыкты банкы» конкурсунун 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча «Инэксимбанк» ЖАК Кыргызстандагы эң мыкты банк болуп табылган. Банктын эң негизги жетишкендиктери болуп банктын финансалык көрсөткүчтөрүнүн өсүшү, жайылуу стратегиясынын ийгиликтүү ишке ашкандыгы жана корпоративдик жетектөөнүн жогорку деңгээлдери айтылган. Эң мыкты банктар региондор боюнча аныкталган. Номинанттардын арасында «Сити-банк» (АКШ), «Дойче банк» (Германия), «Сосьете Женераль» (Франция), «Райффайзен банк» (Австрия) сыяктуу ийри жана атактуу банктар аталган. Орто Азия боюнча «Банк Туран-Алем» эң мыкты болуп табылган.
2007-жылдын декабрында, «Инэксимбанк» ЖАК-тын акционерлеринин жалпы чогулушунда «Инэксимбанк» ЖАК-тын атын «БТА Банк» ЖАК-ка өзгөртүлүүсү тууралуу стратегиялык чечим чыгарылган, себеби «Инэксимбанк» БТА финансалык группасынын катарына кирген. Бул чечим ишке ашырылып жаткан БТА структурасынын жалпы ребрендинг жана ренейминг концепциясына ылайык кабыл алынган. 2008-жылдын март айында, бүт талаптуу юридикалык процедуралар ишке ашырылгандан кийин «Инэксимбанк» ЖАК-тын мыйзамдуу мураскору болуп калды.
Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан 2009 - жылы ийгиликтүү иши үчүн жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн банктын Жалал-Абад шаардык филиалы «Жылдын мыкты инвестору» ардактуу наамы менен сыйланган. Калкка банктык кеңири кызматтарды көрсөтүү максатында географиялык жайылышы боюнча долбоорду мындан ары жүзөгө ашыруу банктын стратегиялык өнүктүрүүнүн бөлүгү болуп саналат. Азыркы учурга Банктын 14 жергиликтуу болумы төмөндөгү шаарларында иштеп жатат: Бишкек (2), Ош (2), Жалалабат, Өзгөн, Карасуу, Кызылкыя, Кочкората, Токмок, Карабалта, Чолпоната, Каракол, Бөкөнбаев, жана 54 сактоо кассалары, ошондой эле 2 көчмө кассасы.
2010-жыл биздин банк жана банк секторубуз үчүн гана эмес, республиканын бардык экономикасы үчүн туруктуулукка сыноо жылы болду. Эгерде 2010-жылдын апрель айында болгон саясий өзгөрүүлөрдөн кийин коомдо жашоого карата жакшы үмүттөр пайда болгон болсо, ал эми июнь айындагы кайгылуу окуялар көптөгөн бизнес тутумдарды жана жөнөкөй жарандарды жашоонун оор шарттарына алып келди. Сабырдуулуктун, ишенимдин жана өлкөдө бизнес жамааттары менен бирге Кыргыз Республикасынын бардык коомчулугунун мыкты жана татыктуу турмушту куруу ниеттеринин негизинде гана саясий жана экономикалык кризистерди туруктуулук менен жеңип чыгуу жолу боюнча оптимисттик кадамдар жасалды. Алардын ичинде “БТА Банк” ЖАКсы да активдерин гана сактап калбастан, текшерилген стратегиялык линияларды так сактоо, т.а. банкка кардарлардын ишенимин колдоонун негизги артыкчылыгын коюу менен бардык оор тапшырмаларды жана өзүнүн кардарларынын алдында милдеттерин аткара алды. Банк финансылык кызматтардын рыногунун жана КР УБсы тарабынан белгиленген ченемдердин бардык талаптарын так жана кынтыксыз сактады.
2011-жылдын 1-январына карата абал боюнча “БТА Банк” ЖАКсынын азыркы активдери 3 216 млн. сомдон жогоруну, ал эми кардарларга кредиттик портфелдин көлөмү 1 721 млн. сомдон жогоруну түздү. Активдер боюнча банк тарабынан ээленген рыноктун үлүшү - 5,7% жана кредиттер боюнча – 7,2% түздү. Бүгүнкү күнгө Банктын уставдык капиталы 1 млрд. сомду түзөт. Ошону менен бирге “БТА Банк” ЖАКсынын суммардык капиталы 1 271 млн. сомго жетти же банктык сектордун биргелешкен капиталынан 10,8%.
Иштеп баштаган мезгилинен бери Банктын иш-аракеттеринин сырткы аудитин белгилүү эл-аралык, «чоң төртүлүктүн» мүчөсү болгон, жана профессионалдык бухгалтердик жана кеңештик кызматтарын жүргүзүү областындагы лидер болуп эсептелген, аудитордук-консалтинг компаниялары жүргүзүп келген.
Банктын сыйлыктары жана жетишкендиктери
- 2006-жылы – Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Европалык банкынын “Иш практикасындагы жогорку сапат үчүн” Алтын медалы.
- “Евромани” европалык журналы тарабынан өткөрүлүүчү, жыл сайын өтүүчү сынактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы “Эң мыкты банк” наамы. Банктын финансылык көрсөткүчтөрүнүн өсүүсү, кеңейтүү стратегиясын жана корпоративдик башкаруунун жогорку деңгээлин ийгиликтүү аткаруу бул 2007-жылы банктын башкы жетишкендиги болуп саналат.
- Экономиканы өнүктүрүүдө кошкон зор салымы, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө активдүү катышкандыгы жана 2008-жылда салык мыйзамын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин «Ак ниеттүү салык төлөөчү» сертификаты.
- 2008-жылы SWIFT системасы боюнча документтерди сапаттуу аткаргандыгы үчүн Дойче Банктын «Deutsche Bank’s 2008 Straight-Through Processing (STP) Excellence Award» сертификаты.
- 2009-жылы республиканын банк системасын өнүктүрүүдөгү салымы үчүн банктын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
- 2009-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн «БТА Банк» ЖАКсынын филиалы «Жылдын мыкты инвестору» ардактуу наамы менен сыйланган.
- 2009-жылы «БТА Банк» берилүүчү финансылык маалыматтын транпаренттуулугунда, сапатында жана ишенимдүүлүгүндө пайда болгон кызматташуу үчүн Microfinance Information Exchange, Inc (MIX Market) сертификаты.


Агентство по защите депозитов