Корреспонденттик мамилелер
«БТА Банк» ЖАК-тын эл аралык корреспонденттик торчосу төмөндөгү эң ийри банктардан турат:
- Commerzbankbank AG (Frankfurt/Main, Germany)
- "Внешторгбанк" АК
- "Альфа Банк" ААК
- "Русславбанк" АК
- "Анелик РУ" АК
- "Раффайзенбанк" ААК
- "Газпромбанк" ААК
- “Банк ЦентрКредит” АКК
- "Народный Банк Казахстана" ААК
- "Темирбанк" АК
- "Евразийский Банк" АК.
Бул структура Банкка дүйнө жүзүндөгү ар жеринде жайгашкан кардарлар менен эң кыска мөөнөттөрдө эсептешүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Акыркы күндөрү Банктын корреспонденттик байланыштарынын географиясы абдан кеңейди. Кардарлардын сунуштарынын негизинде Европа, Россия жана Казахстандагы банктары менен байланыштар түзүлдү.
«БТА Банк» ЖАК ийри финансалык институттарынын, КМШ мамлекеттеринин ийри банктарынын сыйына ээ болду. Катарлаган банктар бизге Foreign Exchange операциялары боюнча насыялык линияларын түзүп берди, бул аркылуу кардарлар чет өлкөлүк контрагенттер менен болгон келишимдерин убакыттарын көптөн кетирбестен жана эң ыңгайлуу кирешеси менен жүргүзүшө алышат.
Банктын эл аралык корреспонденттик мамилелер алкагындагы негизги кызматтары:
- кардарлардын эл аралык бизнестеги географиясына жараша чет өлкөлүк банктар менен корреспонденттик мамиле түзүү;
- эл аралык эсептөө сферасындагы кызматтардын комплекстик пакеттери менен камсыздоо;
- кардарлардын сырткы экономикалык байланыштарына ылайык оптималдык эл аралык эсептөө жолдорун тандоо.
Кардарлардын эл аралык ишкерлигин өнүктүрүүдөгү жылдан жылга өсүп жаткан талаптарын камсыздоо үчүн, «БТА Банк» ЖАК эл аралык корреспондеттик торчосун өнүктүрүү жана банк-корреспонденттер менен кызматташуу сферасын кеңейтүү багыттарында үзгүлтүксүз иш жүргүзөт.


Агентство по защите депозитов