Банк тууралуу
БТА Банк – бул БТА тобуна кирген, универсалдуу, динамикалуу өнүгүп жаткан банк. БТАнын банктык тармагы өнүккөн рыноктордо финансылык кызматтарды көрсөтүп жана Казакстанга (башкы офис), Россияга, Украинага, Белоруссияга, Арменияга, Грузияга, Туркияга жана Кыргызстанга таркатылып жатат. Кыргызстандын алдыңкы рыногунда олуттуу топтолгон тажрыйбасы жана эл аралык тажрыйбаны тартуу “БТА Банк” ЖАКсына жергиликтүү банктар менен натыйжалуу атаандашууга шарт түздү.
Ошентип, 2011-жылдын 1-январына карата абал боюнча “БТА Банк” ЖАКсынын азыркы активдери 3 216 млн. сомдон жогоруну, ал эми кардарларга кредиттик портфелдин көлөмү 1 721 млн. сомдон жогоруну түздү. Активдер боюнча банк тарабынан ээленген рыноктун үлүшү - 5,7% жана кредиттер боюнча – 7,2% түздү. Бүгүнкү күнгө Банктын уставдык капиталы 1 млрд. сомду түзөт. Ошону менен бирге “БТА Банк” ЖАКсынын суммардык капиталы 1 271 млн. сомго жетти же банктык сектордун биргелешкен капиталынан 10,8%.
2010 – жылы Банк жаңы заманбап продуктыларды өнүктүрүү боюнча ишти улантты жана бүгүнкү күндө коммуналдык кызматтар, мобилдик байланыш кызматтары, Интернет, кабелдик жана спутник телевидение үчүн эсептерди төлөө үчүн шаардын соода борборлорунда “on line” режиминде акы төлөө үчүн 25 заманбап төлөө терминалдарын орнотту. “Интернет-Банкинг” — жаңы банк операциясы киргизилди, бул кардарларга Банкка келбей туруп эле компьютер жана Интернет тармагын колдонуу менен толук кандуу маалыматтык жана төлөм-эсептөө кызмат алуусуна жол ачкан.
Банктын сыйлыктары жана жетишкендиктери
- 2006-жылы – Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Европалык банкынын “Иш практикасындагы жогорку сапат үчүн” Алтын медалы.
- “Евромани” европалык журналы тарабынан өткөрүлүүчү, жыл сайын өтүүчү сынактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы “Эң мыкты банк” наамы. Банктын финансылык көрсөткүчтөрүнүн өсүүсү, кеңейтүү стратегиясын жана корпоративдик башкаруунун жогорку деңгээлин ийгиликтүү аткаруу бул 2007-жылы банктын башкы жетишкендиги болуп саналат.
- Экономиканы өнүктүрүүдө кошкон зор салымы, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө активдүү катышкандыгы жана 2008-жылда салык мыйзамын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин «Ак ниеттүү салык төлөөчү» сертификаты.
- 2008-жылы SWIFT системасы боюнча документтерди сапаттуу аткаргандыгы үчүн Дойче Банктын «Deutsche Bank’s 2008 Straight-Through Processing (STP) Excellence Award» сертификаты.
- 2009-жылы республиканын банк системасын өнүктүрүүдөгү салымы үчүн банктын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
- 2009-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн «БТА Банк» ЖАКсынын филиалы «Жылдын мыкты инвестору» ардактуу наамы менен сыйланган.
- 2009-жылы «БТА Банк» берилүүчү финансылык маалыматтын транпаренттуулугунда, сапатында жана ишенимдүүлүгүндө пайда болгон кызматташуу үчүн Microfinance Information Exchange, Inc (MIX Market) сертификаты.


Агентство по защите депозитов